Эң алгачкы сыя Египетте пайда болгон. Ал өзөндүн боюнда өсүүчү камыштын тамырларынан жасалуучу экен. Римдиктер аны майга аралаштырып эзип, сыя жасашкан.
Кийинчерээк сыяны эмен багынын жалбырагынан да жасаган. Бирок булардын бардыгы начар сыялар эле. Нагыз сыя — ализардын сыясы (ал минералдан иштетилген боёк). Бул мындан жүз жыл мурда пайда болгон. Аны Леонгарди деген немец мугалим ойлоп тапкан.
Дептер деген сөз гректин «тетро» - «төрт бүктөлгөн» деген сөзүнөн келип чыккан. Жүз жыл илгери темирден жасалган дептерлер да болгон. Ага жазылган жазуулар оттон да сакталчу. Андан кийин жыгачтан, кийинчерээк тактайды тилип, дептерлер жасалган.
* * *
«Альбом» деген сөз – латын тилинен алынган сөз. Альбом деген сөздүн өзү «ак» деген маанини берет.
Илгерки кездеги гректердин альбомдорунун беттери аппак гипс менен капталган жука тактайчалар болгон. Алар бул тактайчалардын беттерине жарыяларды, буйруктарды бадырайта жазышкан.
18 түрдүү түстөгү барактары бар альбомдор пайда боло баштаган. Ал альбомдорго атактуу сүрөтчүлөр сүрөт тартышкан. Акын-жазуучулар ырларын жазып, чыгармаларын калтырышкан.