Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Ала-Тоонун ар жагында

«Мектебим»

    Сөзү: Исабек Исаковдуку,

      Обону: Буланбек Исаковдуку.

 

Таттуу экен Мекеним,

Татынакай мектебим.

Тарбияңды үйрөнүп (ай),

Таалай гүлүн эккеним.

 

Колдо болуп дептериң,

Ачып китеп беттерин.

Жакын болгон ушунча (ай),

Жандай сүйгөн мектебим.

 

Билим гүлүн сепкениң,

Билгин алтын мектебим.

Ата-энемден артыкча (ай),

Айткан акыл кептериң.