Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Менен, жана байламталары.

Кыргыз тилинде байламталар сүйлөмдөгү сөздөрдү бири-бирине байланыштыруу үчүн колдонулат.

Кыргыз тилинде менен дегенсөз 2 мааниде колдонулат.

1. Биргелешип иштегенди билдирет.

Мисалы:

Дайыр менен Арлан ордо атышты.

Майрам менен Назик топ таш ойношту.

Атам менен байкем селкинчек жасашты.

2. Ким менен, эмне менен иштегенин билдирет.

Мисалы:

Ордо оюну чүкөлөр менен ойнолот.

Топ таш оюну майда таштар менен ойнолот.

Дайыр Арлан менен ойноду.

Майрам Назик менен ойноду.

 

Кыргыз тилинде жана деген байламта сүйлөмдөгү эки же андан көп сөздөрдү байланыштырып турат.

Мисалы:

Майрамда Кубат жана Эмир аркан тартышты көрүштү.

Мага улак тартыш, ат чабыш жана кыз куумай оюндары жагат.