Ысык-Көлдүн узундугу 178 км, туурасынан эң жазы жери 60 км келет. Эң терең жери 668 метр болот. Анда балыктын 22 түрү кезигет. Анын ичинен 12си көлдүн өзүнүкү, калганы башка жактан алып келинген. Көлдөгү балыктар — көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, форель, карп ж. б.
Форель балыгы Севан көлүнөн алып келинген. Ал азыр «Ысык-Көл форели» деп аталат. Алардын эң чоңунун салмагы 24 килограммга жетет. Ысык-Көлдөн жылына 13-14 миң тоннага чейин балык кармалат.
Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет. Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот.
Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу. Ал эми көз талдыра канат сермеген көк кытандарчы. Бардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат.