Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«Ырыс алды – ынтымак»

    Качандыр  бир кезде акылман карыя болуптур. Анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпай ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырттагы кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, кичинеси чоңуна акырая карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер  уруп кетет.

    Атасы балдарынын кылыгы жөнүндө  терең ойго түшөт. Эми айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгыны көтөрүп келди. Балдарын чогултуп алып:

    - Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мынабу табылгыны толугу менен сындыргылачы деди. Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган табылгыны эч кими­си сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты. Карыя табылгынын боосун чечип:

    - Эми бирден сындырып көргүлө, - деди. Балдары  табылгыны ошол замат эле чарт-чурт бөлүп: - Мына, сындырдык, - деп мактанышты. Абышка балдарды отургузуп алып, нускалуу сөз баштады.

    - Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп. Эгер ыркыңар жок болсо, душман  силерди жанагы жалгыз табылгыдай бырча-бырча сындырып  кетет. Ал эми бооланган табылгыдай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара  албайт. Менин айтарым ушул, - деди. 

    Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары  акылга келип, касташкан душманды жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечераларга берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды - ынтымак» деген сөз ошондон калган дейт.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Туулган жердин топурагы алтын.

У Родины земля золотая.

 

 

Жер бай болсо, эл да бай.

У богатой земли и народ богат.

 

ТАБЫШМАКТАР

 

Алтымыш кемпир ай карайт,

Жетимиш кемпир жер карайт. 

 

 

Жердиги ак, кыюусу кара,

Ача кайрык, төрт талаа.