Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Пайдалуу белек

    Эрболдун туулган күнүнө досу шахмат белекке берди. Белек Эрболго абдан жакты. Эрбол шахмат ойногонду үйрөндү. Ал досунун туулган күнүнө да пайдалуу белек берүүнү чечти. Эрбол апасы менен кеңешти. Китеп сатып берүүнү туура көрүштү. Анткени китеп көп нерсеге үйрөтөт. Эрболдун белеги да досу үчүн пайдалуу болду.



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

ЖЫЛДЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ

    Асмандагы жылдыздардын кээси чоӊ, кээси кичине. Күндөн миллиард эсе чоӊ жылдыздар да бар. Жерден кичирээктери да кездешет. Алардын температурасы да ар кандай. Эӊ ысык жылдыздар ак же көгүлтүр түстө. Алардын температурасы 10 миӊден 100 миӊ градуска чейин жетет. Кызгылт жылдыздардыкы 2-3 миӊ градус. Күн сары жылдыздардын тобуна кирет. Булардын температурасы 6 миӊ градус.

   Жети жаркырак жылдыздан турган топ -  Чоӊ Жетиген жылдыздары.  Ал асмандан даана байкалат. Чоӊ Жетиген боюнча алтын казык жылдызын табуу жеӊил. Алтын казык түндүк тарапта жайгашкан. Жылдыздуу асмандын бир четинен экинчи четине чейин созулуп жаткан агыш тилке «Саманчынын жолу» деп аталат.

     Саатты, компасты ойлоп таба электе убакыт менен багытты жылдыздарга карап аныкташчу.