Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Олобо

    Олобо - койдун, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулуп, сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак. Олобо жасаш үчүн өпкөгө бычак тийгизбей союш керек. Союлган малдын өпкөсү кекиртеги менен кошо чыгарылып, үйлөнүп, муздак сууга салынат. Сүт куярда ага батышынча жылуу суу куюп тазалайт, ал сууну кайра өпкө агарганча «кустурат». Тазаланган кезде өпкө канча суу «жутса», ошончо сүт куюлат. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип ме­нен катуу буулат. Олобону өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, сууганда  кесип, дасторконго коёт.

   Эл арасында жаш музоо менен кулундун өпкөсүнөн да олобо жасалат. Бир койдун өпкөсүнө 8-10 литр сүт, 0,5-1 килограмм сары май керек, туз татымына жараша салынат.



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Тоодо

         Айгүл менен Айжандын классы тоого чыгышты. Узак жолдон кийин балдар эс алууга топтошту. Кыздар баштыктарынан нан, май, жумуртка алып чыгышты. Көк чөпкө жоолуктарын жая салып тамактанышты. Жаратылыш ушунчалык кооз көрүндү. Алыстан куштардын сайраганы угулуп турду. Кыздар рахаттанып дем алышты.
   Балдар кайрадан жолго чыгууга даярданышты. Айгүл тамактын калганын чөптүн арасына ыргытып койду. Айжан нандын күкүмүнө чейин ороп баштыгына салып алды.