Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Ата насааты

    Бир даанышман өз уулуна мындайча насаат айтты:
-Уулум, элдин өзүңө кайрымдуу болушун кааласаң, оболу өзүң элге кайрымдуу бол. Өз эмгегиң текке кетпөөсүн кааласаң, элдин ак эмгегин сыйла. Абройлуу болууну кааласаң, элпек бол. Адамдар сага күлбөсүн десең, жүрүш-турушуңду оңдо. Кадырлуу болгуң келсе, адамды кадырын билгин. Көп дос күткүң келсе, досторуңа жаман айтпа.



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Кыргыз калпагын кантип жасашкан?

 

        Калпак – улуттук баш кийим. Ак кийизден жасалгандыктан ак калпак деп аталган.

      Анын тилик калпак, туюк калпак, талаасыз калпак, айры калпак, ай калпак, шырыма калпак деген түрлөрү бар. Өлкөбүздө 5-март – Ак калпак күнү деп белгиленет. Калпак жөнүндө көптөгөн аӊгемелер, айтымдар бар. Көптөгөн ырлар жазылган.

«Эне тили» китебинен

     



5-МАРТ - АК КАЛПАК МАЙРАМЫ

Дүйнөдө ар бир элдин өзүнүн майрамдары болот. Биздин кыргыз элинде да өзгөчө

майрамдар бар. Анын бири - Ак калпак күнү. Ал 5-мартта майрамдалат. Кыргыз эли

Ала-Тоого окшогон улуттук баш кийими менен башка элдерден айырмаланып турат.

Ошондуктан калпактын маанисин көтөрүү жана аны менен сыймыктануу үчүн атайын

бир күндү майрам катары кабыл алышкан.

5-мартта улуу-кичүү дебей, уландар, жигиттер, аталар калпак кийип окууга, жумушка

барышат. Көчөдө ак калпак кийгендер көп болгондуктан, мекенчил сезимдер күч алат.

Аппак кийизге ар кандай менен сайылган көздү кубантат.

Мен да бул күнү апам сатып берген ак калпакты . Мектепке

толкундануу менен барамын.

Колдонулуучу сөздөр: аябай, оюулар , боёктор , кием