Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«Дөөтү уста менен ителги»

   

I

    Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдарды жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

   Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатышты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, - деди ал шакирттерине, - эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар» - деди. Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.

    Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» - дептир. Анда алакөөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым», - деди устанын айтка­нын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң», - деп оозун карманды. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды. Бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да, эч кызыган темирди колу менен кармай албай койду. Ошол кезде Дөөтү уста бүт ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Бул устасына да кезикти, бирок дүкөнүнө барган жок, жөн гана: «Балам, иш кандай?» деди. Бала уялып эч нерсе айткан жок.

    Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?» - деди да, артын карабай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач сокту. Кычкач менен ысык темирди кармады. Ошондон кийин иши кайра  башталды. Экинчи мактанганды койду.

II

    Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүү үчүн суу жыгайын деп жатса,  чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Сиз менен мелдешейин дедим эле. Эгер мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» - деди. Дөөтү уста: «Койгун,  бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Мелдеш башталды. Ител­ги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегир­мендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш толуп калган дешет. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, кезиккенин жара тээп кете берет экен.

    Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменди токтотуп, чын эле  эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак. Дөөтү зергер да ушул кезге че­йин ителгини келип калабы деп күтүп жүрөт дешет.

 

ТАБЫШМАКТАР

Узун жыгач учунан,

Ийип алган ким экен?

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Жашка – кызмат, карыга – урмат.

Молодым – работа, старикам – почет.

 

Мээнетиӊ катуу болсо, татканыӊ таттуу болот.

Если хорошо трудился, то пища твоя будет сладкой.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Ай, ай, Айдарбай!

Кызыл мүйүз уюӊду,

Үйүӊө айдай бар.