ТАБЫШМАК
Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Агасын көрүп ини өсөт,
Эжесин көрүп сиңди өсөт.
Глядя на старшего брата, растёт младший,
Глядя на старшую сестру, растёт младшая.
Ата жакшы – уул жакшы,
Эне жакшы – кыз жакшы.
У хорошего отца и сын хорош,
У хорошей матери и дочь хороша.
ЖАҢЫЛМАЧТАР
Апам алмадан үчтү үздү.
Алмуруттан үчтү үздү.
Жетпегенин күбүсө
Жерге баары түз түштү.