Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Сулайман тоо – касиеттүү тоо.

    Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. 
Узундугу – 1140, туурасы – 560 метр. Шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350 метр. 
Сулайман тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс. Кээ бир адамдар тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сулайман тоону көрүү үчүн бир жылда 16-17 миң адам келет.
16-кылымга чейин Сулайман тоо Баара-Кух деп аталган.



Өзүӊдү текшер!

Сүйлөмдү толукта.

Сулайман тоосу шаарынын так ортосунда, суусунун сол жээгинен орун алган. Кээ бир адамдар чөгүп жаткан окшоштурушат.

Колдонулуучу сөздөр: Ош, Ак-Буура, тоону, төөгө







Сулайман тоонун тарыхынан.

    Тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын аты менен байланыштуу. Акылмандыгы жана кең пейилдиги үчүн Кудай ага 500 жин зорго көтөрүп жүрө турган таштан жасалган так белек кылат. Пайгамбардын буйругу менен жиндер такты алыскы жакты көздөй көтөрүп жөнөшөт. Жүрүп отуруп, акыры абасы таза, чокусун кар баскан тоосу бар жерге алып келишет. Пайгамбар мына ошол жерди гүлзардуу жерге айланткысы келет. Бирок, мында суу жок болгондуктан, жиндерге мөңгүлөргө кеткен жолдогу тоскоолдуктарды жок кылып, дарыяга нук салууга буйрук берет. Ошентип, Ак-Буура дарыясы пайда болот. Ал эми пайгамбардын тагы коюлган тоо Сулайман так, Сулайман тоо деген атакка конот.






Сулайман тоодо 6 үӊкүр бар.

1) Биринчи чокуда эки үңкүр жайгашкан. 
Түндүк жагындагы бирөөсү барууга мүмкүн эмес жерде. Аталышы да жок, изилденбеген дагы.
Экинчиси – Чакатамар. «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Ал жерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам батчу тар жол менен сойлоп киресиң. Шам жаксаң ичинен ачылып турган китеп сыяктуу таш көрүнөт. Аалымдар анда курандын “Аятолл курси” аятынан үзүндү бар экендигин айтышат. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы таамп турат. Жайында боорун сыйпаласаң кол нымдашып калат. Тамчынын дарылык касиети бар делет.
2) Экинчи чокунун капталында Тепе-Үңкүр (Бийиктеги үңкүр) жайгашкан. 
3) Ушул эле 2-чокуга Чилтен-Хан (Тешик-Таш деп да аталат) үңкүрү тийиштүү. Мунун 3 оозу бар. 
4) Үчүнчү чокуга тиешелүү кезектеги үңкүр Ишен-Үңкүр деген атка ээ (элдер “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” дешет).
Ушул эле чокуда Руша-Үңкүрү (Бүркүттөр үңкүрү) да жайгашкан. Бул эң чоң үңкүр. Учурда мында музей орун алган. Үңкүрдүн чыга беришинде петроглифтер сакталып калган.
6) 5-чокуда жайгашкан үңкүр Хуркыз (Үркыздар же нур кыздар дегенди билдирет) деп аталат. Уламышка караганда, бул жерди Үркыздын жаны  байырлайт.



Өзүӊдү текшер!


Барууга мүмкүн эмес, аталышы да жок үӊкүр кайсы чокуда жайгашкан?


Биринчи чокуда канча үӊкүр бар?


«Чакатамар» деген сөз эмнени туюндурат?


Бир эле адам батчу үӊкүр эмне деп аталат?


Бийиктеги үӊкүр деген кайсы?


Кайсы үӊкүрдүн үч оозу бар?


Сулайман тоосундагы эӊ чоӊ үӊкүр кайсы?







Сулайман тоодо 5 чоку бар:

1) Баара-Таг же Сулайман тоо. Мында Бабурдун үйү жайгашкан.
2) Шор-Таг (“Ак туздуу чоку” дегенди түшүндүрөт).
3) Равшан-Таг (“Эң бийик”, “эң жарык” деген маанини берет).
4) Ээр-Таг (“Ээрге окшош тоо”). Чокунун түндүк капталы көрүнүшүнө жараша Каттама-Таш деп аталат.
5) Кекилик-Учар.


Чокулардын аталыштарын дал келтир.







Сулайман тоодогу ыйык жайлар.
Бел таш. Бул таштан бели, бөйрөгү ооруган адамдар 7 жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар 3 же 1 ирет сыйгаланууга тийиш. Оорусунан айыгып кеткендер көп деп айтылат.  
Кол таш. Бул ташка сыйынганы келгендер ооруган колун салып, ичинен тилек тилешет. “Жакшылап көңүл бурган адам манжаларынын учу чымыраганын сезет” деп айтылат. 
Бешик эне. Бул ташка сыйынуу үчүн балалуу болбой жүргөндөр көп келишет. Андагы көзөнөк ташты эки колу менен кармап, маңдайын ага тийгизип, ичинен тилек тилешет. Сыйынгандардын тилеги кабыл болгон мисалдар көп. 
Үркыз. Бул ташка кыз-келиндер барышат жана өзүлөрүнүн аруу-тилектерин айтышып, Жараткандан аларды ишке ашыруусун суранышат. 
Кырк чилтен. Бул жерге эркектер келип  сыйынышат. Уламышта бул үңкүр – жигит пири Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жоого аттанар эр-жигиттер ошол жерге келип сыйынышчу экен.


Өзүӊдү текшер!

Бели, бөйрөгү ооруган адамдар ташына келип, сыйгаланышат.

Колу ооругандар ташына колун салып, ичинен тилек айтышат.

Балалуу болбой жүргөндөр эне ташына келип сыйынышат.

Кыз – келиндер Үркыз ташына барып, жараткандан тилек кылышат.

Жоокерчилик заманда жигиттер чилтен ташына келип, жеӊишке жетүүнү тилешкен.

Колдонулуучу сөздөр: Кол, Кырк, Бешик, Бел







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

АК-БУУРА СУУСУ

     Ак-Буура суусу Ош шаарын аралап өтөт. Бир кездерде суу кирип, буура аккан экен. Ошондуктан Ак-Буура аталган дешет. Кээ бирөөлөр суунун агышы катуу, буурадай буркулдап агат деп салыштырышат. Ак-Буура суусунун боюнда адамдар эс алуучу парктар бар.