Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

                                                            

 

КАЧАН?

   Кыргыз тилинде качан? деген суроо убакыт, мезгилге карата берилет.

Мисалы:

-Дене кыймылдарын сен качан жасайсыӊ?

-Дене кыймылдарын мен күн сайын жасайм.

-Сейилдөөгө сен качан чыгасыӊ?

-Мен сейилдөөгө саат 5те чыгам.

-Футбол ийримине сен качан барасыӊ?

-Мен футбол ийримине дүйшөмдү, бейшемби күндөрү барам.

-Дене тарбия сабагы качан болот?

-Дене тарбия сабагы бүгүн болот.

 

Өзүӊдү текшер!

Качан? деген суроого жооп берген сөздөрдү тап!

Окуучу, жай, жайында, кыштак, бешинчи, кышында, ден соолук, эртеӊ, төрт-беш, жекшембиде, жашыл, ысык, аз, көп, азыр.