Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

      Темир уста

 

    Биздин айылда Болот деген темир уста жашайт. Айылдын четинде анын устаканасы бар. Эртеден кечке Болот ата ушул жерде иштейт. Ысык отко темирлерди кактап жумшартат. Жумшаган темирди балта менен чапкылап, бычак, маки, балка, балта жасайт. Сынып калган темир идиштерди да оӊдоп берет. Айылдын эли Болот атаны абдан сыйлашат. Анткени анын эмгеги  адамдарга  пайдалуу.



Өзүңдү текшер!

Биздин айылда Болот деген темир уста .


Эртеден кечке Болот ата ушул жерде .


Ысык отко темирлерди кактап .


Жумшаган темирди балта менен чапкылап, бычак, маки, балка, балта .


Сынып калган темир идиштерди да .


Айылдын эли Болот атаны абдан .

Колдонулуучу сөздөр: иштейт, жумшартат, жашайт, жасайт, оӊдоп берет, сыйлашат




Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Мугалим болом

     Менин апам мугалим. Ал мектепте иштейт. Математикадан сабак берет. Математика сабагын мен да жакшы көрөм. Чоӊойгондо мугалим болсом деген тилегим бар. Ал үчүн жакшы окушум керек.