Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Канча? Нече? Канчанчы? Неченчи?

Суроолор Канча? Нече?

Бир жумада

канча күн бар?

7

Дүйшөмбү

Шейшемби

Шаршемби

Бейшемби

Жума

Ишемби

Жекшемби

Бир жылда нече ай бар?

12

үчтүн айы

бирдин айы

жалган куран

чын куран

бугу

кулжа

теке

баш оона

аяк оона

тогуздун айы

жетинин айы

бештин айы

Канчанчы?

Неченчи?

сегизинчи көчө

тогузунчу үй

төртүнчү катар

алтынчы бала

жетинчи кыз

отуз биринчи август

 



Өзүӊдү текшер!
Суроолорго жараша сөздөрдү тууралап кой.

1-сентябрь – Билим күнү


Жыл сайын 1-сентябрда мектепте сабактар башталат. Жайкы эс алуудан кийин

окуучулар сүйүктүү мектептерин көздөй шашылышат. Кыргызстанда бул күн билим

күнү катары майрамдалат. Эӊ биринчи сабак – тынчтык сабагы өтүлөт.


Нурбек (канча?) жашта. Быйыл биринчи жолу мектепке барды. Ал

(канчанчы?), “А” класстын окуучусу болду. Эртеӊ менен саат (канчада?)

сабакка барат. Мектептин (канчанчы?) кабатындагы (канчанчы?)

бөлмөдө окуйт. Нурбек билим алып, акыл топтоп, жакшы адам болгусу келет.

Колдонулуучу сөздөр: биринчи, он жетинчи, жети, экинчи, сегизде