Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

ЖАМГЫРДЫН  ПАЙДАСЫ

     Жамгырдын жазында пайдасы чоң. Жамгыр жаайт. Жерге сиңет. Жердеги, өсүмдүктөрдүн тамырына суу барат. Эң алды менен жерге көк чыгарат. Бак-дарактарды бүрдөткөн жамгыр болот. Жамгырдын эгинге да чоң пайдасы бар. Кайрак жерлердеги эгиндер жалаң жамгырдын суусу менен өсөт. Жам­гырдын суусуна бышкан эгиндердин түшүмү сугарылган эгиндердин түшүмүнөн кем болбойт.

     Адам менен айбандардын өмүрүнө да жамгырдын пай­дасы чоӊ. Жамгыр жааганда абадагы чаң да тазаланат. Дене сергип, таза аба көӊүлдү көтөрөт. Өсүмдүктөр жакшы өсүп, абадагы кычкылтек көбөйөт. Жамгыр бардык тиричиликке пайдалуу.



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

ПАХТА

     Пахта Ош областында эгилет. Элибиз аны ак алтын дешет. Пахта бышканда аны машина менен терет. Аны кол менен да терип алышат. Пахтадан көп кездеме токулат. Пахтанын майынан ар түрдүү тамак жасоого болот.