1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ

а) Сөздөрдү эки тилде окуп өздөштүргүлө
сырткары | кроме |
катышуу | участвовать |
үйрөнүп жатам | учусь |
дарыгер | врач |
азырынча | пока |
машыгат | занимается (тренируется) |
эрке | избалованный (-ая) |
зээндүү | способный |
турушат | живут |
урматтайбыз | уважаем |
өткөрүшөт | проводят |
белек кылышат | дарят подарок |
мүчөл жаш | год по Зодиаку |
белгилешкен | отмечали |
б) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла

в) Текстти уккула жана окугула
Досумдун үй-бүлөсү
Менин досумдун аты Актан. Ал Кара-Балта шаарындагы № 1 орто мектепте 7-класста окуйт. Мектептен сырткары ал комуз ийримине катышып, чет тилдерди үйрөнүп жатат. Атасынын аты – Осмон. Ал кырк тогуз жашта, инженер болуп иштейт. Апасынын аты – Бермет. Ал ооруканада, балдар дарыгери, кырк алты жашта.
Досум беш бир тууган. Эң улуусу – эжеси. Эжесинин аты - Айгерим. Ал мугалим, бирок азырынча иштебейт. Анткени баласы кичинекей. Жээнинин аты – Айдар. Ал бир жашта. Ал эми эжесинин күйөөсү Эркин банкта юрист болуп иштейт. Жездеси мыкты юрист. Алар Бишкекте турушат.
Байкесинин аты Бектур. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 4-курсунун студенти. Ал – келечектеги хирург. Байкеси англисче, орусча, түркчө жакшы билет.
Инисинин аты – Султан. Ал 5-класста окуйт. Султан спортко абдан кызыгат. Ошондуктан ал күрөш менен машыгат.
Карындашы – Жибек 1-класста окуйт. Ал абдан эрке, бирок жакшы окуйт жана зээндүү.
Актандын чоң атасы, чоң апасы бар. Алар айылда турушат. Чоң атасынын алты баласы бар. Айылга Актандар тез-тез барып турушат. Актандын чоң атасы менен чоң энеси абдан жакшы адамдар.
Досумдун чоң атасы менен чоң энеси балдарынын мүчөл жашын эч унутушпай өткөрүшөт. Анткени кыргыздар ар бир он эки жылда бир келүүчү мүчөл жашты гана белгилешкен. Актандын быйыл мүчөлү жашы. Ал он экиге толду. Ошондуктан жакында чоң атасы менен чоң энеси ага тай энчилешти. Туугандары дагы Актанга көптөгөн белектерин беришти. Ата-энеси аларды абдан жакшы коноктошту. Ушул жыл досума абдан жакшы жыл болду. Бул үй-бүлө бир туугандарын, ата-энесин жана улууларды сыйлашат, урматташат.
г) Сөз айкаштарын маанисине жараша бириктиргиле.



1 |
Актан Кара-Балта шаарында |
|
7-класста окуйт |
2 |
Анын атасы |
|
инженер болуп иштейт |
3 |
Анын апасы |
46 жашта |
|
4 |
Досумдун эжеси |
|
азырынча иштебейт |
5 |
Актандын байкеси |
медициналык академиясынын студенти |
|
6 |
Карындашы – Жибек |
|
жакшы окуйт |
7 |
Актандын чоң атасынын |
|
айылда турушат |
8 |
Актандын мүчөл жашына |
|
тай энчиледи |
Колдонулуучу сөздөр: Айгерим - мугалим, кырк тогуз жашта, анын чоң атасы, балдар дарыгери, № 1 орто мектепте, 6 баласы, Кыргыз Мамлекеттик, биринчи класста


д) Сөздөрдүн синоним, антонимдерин тапкыла.
азырынча//
күйөөсү//
турушат//
зээндүү //
тез-тез //
өткөрүшөт //
коноктошту //
сыйлашат //
иштейт х
кичинекей х
быйыл х
машыгат х
Колдонулуучу сөздөр: чоң, былтыр, жолдошу, бат-бат, белгилешет, убактылуу, машыкпайт, сыйлашты, урматташат, иштебейт, акылдуу, жашашат


е) Сүйлөм түзгүлө
1.
.
Колдонулуучу сөздөр: банкта юрист, Ал , эжесинин күйөөсү, болуп иштейт, Эркин


2.
, .
Колдонулуучу сөздөр: Байкеси , англисче, жакшы билет, түркчө


3.
, .
Колдонулуучу сөздөр: үйрөнүп жатат, чет тилдерди, Мектептен сырткары, комуз , ийримине катышып, ал


4.
.
Колдонулуучу сөздөр: урматташат, Бул , жана , бири-бирин, сыйлашат , үй-бүлө


5.
.
Колдонулуучу сөздөр: бар, баласы , Чоң атасынын, алты

