Кыргызча   Русский





ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

«БӨБӨКТҮН СУРООСУ»

 

Бөбөктүн суроосу

- Айтып берчи, апаке,

Биз суу алчу өзөндүн

Ар жагында эмне бар?

- Өзөн жээги кызыл жар,

Ар жагында токой бар

- Андан ары эмне бар?

- Чөккөн тоодөй адырлар,

Тоо чокусу аппак  кар.

- Ар жагында эмне бар?

Биздикиндей кыштактар,

Андан ары чоӊ шаар.

- Андан арычы?

- Океандар, шаар, кыштактар.

- Ар жагында эмне бар?

- Биз!

- Кантип?

- Анткени жер – тоголок шар.