Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

АРТИСТТЕРДИН ОЮНУ

  Биз циркке бардык. Анда ар түрдүү айбандарды, жаныбарларды ойнотот экен. Баарыбыз тең көз албай карап турдук. Бир кезде кызыл-ала кийинген эки киши чыкты. Ортодо турган темирлерди жыйнаштырды.Темирден жасалган эки тирөөчтүн арасына жалпак тактайды койду.

- Цирк артисттеринен жалындуу салам! - деди оюн башкаруучу.

Көрүүчү эл кол чабышты. Андан кийин балдарга кайрылды:

-  Ким бешке окуйт!

- Мен.

- Ким таттуу конфетти жакшы көрөт?

- Мен... Мен!.. - деп балдар чуулдашып жатты.

   Ушинтип көңүлдөрүн көтөрүп алды да, аюуларды чыгарышты. Бир аюу арткы эки буту менен тура калып, ар жакка бир, бер жакка бир өттү.

     Ага биз таң калдык.

    Бир кезде короз менен түлкүнү алып келди. Корозду чуңкурга отургузду. Үстүнөн түлкүнү ары-бери өткөздү.

    Корозду түлкү эмнеге жеп койбоду?

 «Байчечекей» журна­лынан



Өзүӊдү текшер!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

КИТЕП

     Ким китепти көп окуса, ал көптү билет. Мен көп китеп окудум. Китептер мага көптү үйрөттү. Биздин класста ар бир окуучу китепти сүйөт. Биз быйыл көп китеп окудук.
      Улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов да китепти өтө сүйүп окуган. Ал китепти көп окугандыктан улуу жазуучу болгон.