Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Чычырканак

            Чычырканак – токойдун дары чөптөрүнүн узун тизмесине кирген өсүмдүк. Анын дарылык касиети байыркы мезгилдерде эле белгилүү болгон. Казатка аттанган жоокерлердин аттарын чычырканактын жалбырактары менен багышкан. Аттар тез ирденип, алыскы жолдун кыйынчылыктарына чыдамдуу болушкан. Биздин бабалар чычырканактын майы ачык жараларды жакшы айыктыра тургандыгын да билишкен.

     Чычырканак – бугу, кулжа айларында гүлдөйт. Андан кийин мөмөлөрү жетиле баштай. Чычырканактар Кавказда, Сибирде, Алтайда жана биздин Кыргызстанда да өсөт. Айрыкча жаратылышы жагымдуу келген Талас өрөөнүндө көп кездешет. Алар суунун боюнда жакшы өсүшөт.

 

Жүгөрү

                Айыл тургундары даамдуу жүгөрүнү көп эгишет. Анткени ал абдан пайдалуу өсүмдүк. Үй жаныбарлары жүгөрүнүн жеми менен кыштан чыгышат. Айдайга жүгөрү талкан абдан жагат. Аны жаңы каймакка салып жейт. Жүгөрү жармасын жайында суусундукка ичишет. Жүгөрүнүн сабагын апасы отко жагат.



Өзүӊдү текшер! Чычырканак.




Жүгөрү







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

АЛИШЕР ЭС АЛУУДА

     Алишер дайыма таза абада, мөмө-жемиш дарактардын көлөкөсүндө ойнойт. Жемиштеринен жейт. Чымчыктардын чулдурун тыңшайт. Көлчөгө чөмүлөт. Дайыма майкачан, чолок шымчан болуп, серүүн жүрөт. Эми ага кышкысын сасык тумоо, суук тийүү деген ылайым жолобойт.
                                                                                 Ш.Бейшеналиев