Бир убактарда кичинекей шаарчада Герда аттуу кыз жашаган экен. Ата-энеси жөнөкөй жана эмгекчил адамдар болушат. Алар жалгыз кызына дайыма камкордук көрүшөт. Бирок Герда өзүмчүл, эрке болуп чоңоёт.
Бир күнү апасы ага талаада иштеген атасына нан жеткирүүсүн өтүнөт. Герда жаңы туфлисин кийип чыгат. Талааны айланып, кыска жол менен жөнөйт. Бирок жолунан саздуу көлчүк кездешет. Кыз жаңы туфлисин аяп, нанды таманына коюп өтүүгө камданат. Ошол замат көлчүктүн ортосу ачылып, Герда саздын түбүнө чөгөт. Кыз саздын ханышасы Бака айымдын алдына келет. Жөргөмүш, жылан, курттар айымдын айтуусу менен Герданы байлап коюшат.
Кечке чейин асылып турган кыз жашын төгүп ыйлайт. Ошондо Бака айым Герданы нанды кордогону үчүн чымчыкка айландырат. Ал бир нанга канча ун кетсе, ошончо буудай данын жыйнаганда гана адамга айлана тургандыгын эскертип коё берет. Герда чымчык бир нече күн талаадан буудай башын терип үйүнө чогултат. Апасы мээнеткеч чымчык терген буудайдан нан жасайт. Кичинекей куш кайрадан кызга айланат. Ошондон кийин Герда ыймандуу кыз болуп, нанды сыйлап калган дешет.
Скандинавиянын жомогу