Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Жазында

     Жаңы жылуу күндөр башталды. Биздин короодо алма, өрүк, карагат өсөт. Жазында биз жемиштердин түбүн жумшартабыз. Зыянкеч курттардан сактоочу дарыларды себебиз. Калган жерлерди атам экөөбүз казабыз. Топурагын майдалап, жөөк салабыз. Жөөктөргө помидор, калемпир, баклажан эгебиз. Күзүндө жакшы түшүм алабыз.

 

Кыз, гүл жана булут

      Бибигүл бакчага түрдүү гүлдөрдүн уругун септи. Гүлдөр бат эле татынакай болуп өстү. Ошол жылы жаз ысык болду. Бакчага суу да келбей калды. Гүлдөрү соолуп баштады. Бибигүл аны көрүп, аяп, эмне кыларын билбей ыйлады.

      Ошол кезде асманда кичинекей ак булут учуп бараткан. Булут кыздын ыйлап отурганын көрдү да, мындай деди:

     - Эй, сулуу кыз, сен эмнеге ыйлап олтурасың?

   - Кантип ыйлабайын, менин гүлдөрүм суу жок куурап баратат. Жамгырыңдан жаадырчы, булут – деди ага кыз. Анда ага булут минтти:

   - А сен жалкоолук кылбай, арык менен суу алып келип сугарбайсыңбы?

     - Арыкта да суу жок, - деп кайра ыйлады кыз...

   Булут кыздын жана анын гүлдөрүн аяп, жамгырдын суусун ичип, башын көтөрдү. Аны көрүп кыз кубанды. Ал булутка ырахмат айтты. Гүл да кубанып, Бибигүлгө эркеледи. Айла канча, жыпар жытын чачты.

                                                                                                                      Сулайман Рысбаев



Өзүӊдү текшер! "Жазында" текстине тапшырма.




"Кыз, гүл жана булут" текстине тапшырма.







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

КҮЗ

     Күз келди. Бак-дарактардын жалбырактары саргайды. Малчылар жайлоодон кайтышты. Келгин куштар ысык жактарга сапар тартты. Дыйкандар күзгү жумуштарын аякташты. Күздүк эгиндер себилди.