Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Ким эмне кылып жатат?

бычмачы тон бычып жатат
тигүүчү көйнөк тигип жатат
саймачы кийимге сайма сайып жатат
оймочу кийизге оймо түшүрүп жатат
шырдакчы шырдакты шырып жатат
ийикчи жип ийрип жатат
өрмөкчү чий согуп жатат
куракчы курак курап жатат
түймөчү байпак түйүп жатат
жыгач уста ээр чаап жатат
темир уста атка така жасап жатат
зергер уста билерик жасап жатат

 

Өзүӊдү текшер!

1. Уздар эмне кылып жатышат?

2. Усталар эмне кылып жатышат?