Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

«БӨБӨК»      

Сөзү: Р.Рыскуловдуку
Обону: З.Сатыбалдиеваныкы 
Аткаруучу: З.Сатыбалдиева 

 

Быйтың, быйтың, быйтыңдап,
Мойтоӊ, мойтоӊ, мойтоңдоп,
Кичинекей жаш бөбөк,
Борбун тартар борбоңдоп.

Кичинекей колдору,
Өзүнчө эле быйтыйып,
Туфли киет кичине,
Буттары турат тыпыйып.

Апакелеп сүйүнүп,
Жакын басат жүгүрүп.
Кечке ойноп жүрсө да,
Эч бир койбойт күйүгүп.