Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

«МАНЖАЛАР»

 

АК ГҮЛДӨР, КӨК ГҮЛДӨР

Обону Т.Казаковдуку

Сөзү И.Исаковдуку

Кичине эмесмин,

Гүлзарга теңештим.

Гүл багы ар түркүн,

Гүл менен тең өстүм.

Кайырма:

Ак гүлдөр, көк гүлдөр

Асырап көп күндөр,

Карачы татына,

Кааласаң көркүн көр.

 

Суу куям маалында,

Сындырбайм шагын да.

Апакем сүйүнөт,

Ал болсо жанымда.

Кайырма:

Ак гүлдөр, көк гүлдөр

Асырап көп күндөр,

Карачы татына,

Кааласаң көркүн көр.