Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

             «АЛИППЕ»       

 

«Телефон»

Обону Мукан Рыскулбеков,

сөзү Капар Абдракмановдуку.

Сагынганда байкемдин

Үнүн угам алыстан.

Кабарлаштым эжеме

Тигил Ак-Суу тараптан.

Кайырма:

Ал-ло, ал-ло телефон,

Ким бураса дайым оң.

Үйүбүздө шыңгырайт

Татынакай телефон.

 

Телефондун номерин

Ирээт менен бурадым.

Чоң энем бар Нарында,

Ал-абалын сурадым.

Кайырма:

Ал-ло, ал-ло телефон,

Ким бураса дайым оң.

Үйүбүздө шыңгырайт

Татынакай телефон.

 

Айылдагы абакем

Айтты бизге кабарын,

Чебер чертип комузду,

Москвага барарын.      

Кайырма:

Ал-ло, ал-ло телефон,

Ким бураса дайым оң.

Үйүбүздө шыңгырайт

Татынакай телефон.