Кыргызча   Русский



ТАБЫШМАКТАР

Түр-түр килем, түр килем,

Түрө албадым бир килем.

Жый-жый килем, жый килем,

Жыя албадым бир килем.

Сал-сал килем, сал килем,

Сала албадым бир килем.

 

Өзү  тегерек,

Жарыгы эӊ керек.

Күндүз көрөм,

Түндөсү көрбөйм.

 

Асманда койлор жайнайт,

Артынан койчусу айдайт.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Бийик тоого чыксаң, көзүң ачылат,

Билимдүү менен сүйлөшсөң, көңүлүң ачылат.

 

Взойдёшь на высокую гору, глаза озоряются,

С учёным поговоришь, душа радуется.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Өйүзгү арал, бүйүзгү арал,

Өйүзгү аралды мал аралар.

Бүйүзгү аралды марал аралар.