Эже, менин курбум жайында Ысык-Көлгө барып эс алып келиптир.

Сестра, летом моя подруга отдыхала на Иссык-Куле.
Сен дагы барбадың беле.

Ты же тоже ездила отдыхать.
Ооба, мен деле баргам. Бирок мен сууга түшүп, күнгө күйүп эле эс алып келгем да.

Да, я тоже отдыхала. Но, я только купалась, загорала на солнышке, вот как я отдохнула.
А курбуң кантип эс алыптыр?

А как твоя подруга отдохнула?
Ал болсо сууга түшүптүр, тоого барыптыр, андан тышкары Рух-Ордого да барган экен.

А она купалась, была в горах и еще была в Рух-Ордо.
Ал жак эмне кызык бекен?

А там что интересно?
Ооба, аябай кызык экен дейт. Ал көлдүн жээгинде жайгашыптыр. Аябай чоӊ жана жомоктогудай кооз дейт. Атайын сахнасы да бар экен. Андан тышкары Чыӊгыз Айтматов атындагы зал да бар экен. Дубалда аны чоң сүрөтү тартылыптыр.

Да, она сказала, что там очень интересно. Этот этнокомплекс расположен на берегу озера. Очень большой и сказочно красивый. Даже есть специальная сцена. Помимо всего есть зал Чингиза Айтматова. На стене нарисован его большой портрет.
Ал залда эмне болот экен?

А что делают в этом зале?
Ал жерде ар кандай жыйындар, жолугушуулар өтөт экен. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги да турат экен. Таштан жасалган чоң-чоң чүкөлөр бар дейт. Аябай көп сүрөткө түшүптүр.

Говорит там проходят разные конференции, встречи. Также есть памятник великого манасчы Саякбая Каралаева. Есть большие альчики, сделанные из камня. У нее столько фотографий.
Сенин айткандарыңды угуп, мен да ал жакты көргүм келип кетти. Биз дагы барышыбыз керек экен, макулбу!

Послушав твои слова и мне тоже захотелось увидеть эти места. Мы тоже должны поехать, хорошо!
Мен да ошондой ойлоп жатам!

Я тоже так думаю!