Ата, бул эмненин сүрөтү?

Папа, это что за фотография?
Балам, сен муну билбейт белеӊ?

Сынок, ты разве незнаешь?
Жок, атаке, мен бул сүрөттү биринчи көрүп жатам!

Нет, папочка, я эту фотографию первый раз вижу!
Бул Бурана деген мунаранын сүрөтү.

Эта фотография башни Бураны.
Мунаранын баары эле ушундай бийик болобу? Бурана кайсы жерде жайгашкан?

Все башни бывают такими высокими? А где находится Бурана?
Ооба. Бурана Токмок шаарынын жанынан орун алган.

Да. Бурана находится поблизости города Токмок.
Азыр деле ал жерде Бурана барбы?

В данное время Бурана там же стоит?
Ооба.

Да.
Ичине кирсе болобу?

А можно зайти вовнутрь?
Албетте, болот. Анын сырты оймо-чийме менен кооздолгон. Ичинде төбөсүнө чейин буралып чыгуучу тепкичтери бар.

Конечно, можно. Снаружи она украшена узорами, внутри есть винтовая лестница.
Сиз ал жакка бардыңыз беле?

Вы там были?
Барганыма көп болду. Жайында сөзсүз силер менен чогуу барып келебиз!

Это было давно. Но летом обязательно вместе поедем!
Макул, сөзсүз барып келели.

Хорошо, обязательно поедем.


Сиз ал мунаранын бийиктиги канча экенин билесизби?

А вы знаете высоту этой башни?
Азыр 20 метрдей болот. Илгери ал 40 метрден ашык болчу дешет.

В настоящее время где-то около 20 метров. Говорят в древности она была больше сорока метров
Бул аябай кызыктуу экен, ата. Чын эле бул мунараны көргүм келип калды.

Папа, это очень интересно. Мне и вправду захотелось посмотреть на эту башню.