Саламатсыңарбы, балдар?

Здравствуйте, дети!
Саламатсызбы, эже!

Здравствуйте!
Бүгүн биз силер менен «Кыргызстан-таза суунун мекени» деген темада сөз кылмакчыбыз.

Сегодня у нас новая тема: «Кыргызстан – родина чистой воды»
Эже, таза суу кайдан келет?

Учитель, откуда берут чистую воду?
Кыргызстан дүйнөдөгү таза сууга бай өлкөлөрдүн бири. Суу мөңгүлөрдөн агып түшөт.

Кыргызстан считается одной из богатых стран по водным ресурсам. Вода выходит из ледников.
Мөңгү деген эмне, ал каякта болот?

Что такое ледник, и где он находится?
Мөңгү бийик тоолордун башында бир нече жылдап чогулат. Тоодон агып түшкөн мөңгү сууларын жашообузда кенири колдонобуз.

Ледник находится на вершинах горы, образуется много лет. Эти природные богатства, люди используют в своей повседневной жизни.
Мөңгүдөн чоң суулар пайда болобу?

С ледников образуются реки?
Ооба, мисалы Нарын суусу. Ал Кыргызстандагы ири суулардын бири. А силер чоң сууларды эмне деп атарын билесиңерби?

Да, например, река Нарын. Она считается самой большой рекой. А вы знаете, как еще можно их называть?
Ооба, эже, билебиз. Аларды дарыя деп да аташат.

Да, учитель, знаем. Еще их называют горными реками.
Азаматсыңар, а силер Нарын дарыясы кантип пайда болгонун билесиңерби?

Молодцы, а вы знаете как образовалась река Нарын?
Жок, билбейбиз. Суранабыз, сиз айтып бериңизчи.

Нет, незнаем. Вы расскажите, пожалуйста.
Макул, айтып берейин. Нарын дарыясы Чоң жана Кичи Нарын дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Дарыянын узундугу 535 чакырымга созулат.

Хорошо, расскажу. Река Нарын образовалась от слияния большой и маленькой реки Нарын. Длина реки достигает 535 километров.


Мына, балдар, силер эми таза суу кантип пайда болорун билип калдыӊар.

Вот, дети, теперь вы знаете, как образуется чистая вода.
Рахмат, эже, бизге эми баары түшүнүктүү болду.

Спасибо, нам теперь все стало понятно.