Жайкы каникулда мен лагерге бардым. Ал жерде мага кызыктуу болду, анткени жалаӊ кыргыз тилинде сүйлөдүк.

На летних каникулах, я была в лагере. Там мне было интересно, потому что я разговаривала, только на кыргызском.
Лагерде канча бала болду?

Сколько было детей в лагере?
Ар бир топто 15 бала.

В каждой группе по 15 детей.
Силер лагерде эмне кылчусуӊар?

И что вы там делали?
Биз эртең менен дене кыймылдарын жасап, тамак ичип, анан кыргыз тилинен сабак болчу.

С утра, мы делали зарядку, завтракали, затем у нас был урок кыргызского языка.
Сабак? Лагерде да сабак окуп жүрдүңөрбү?

Урок? В лагере проводились уроки?
Ооба, анткени лагерь «Манастын мураскерлери» деп аталчу.

Да, потому что лагерь назывался «Наследники Манаса»
Эмне үчүн?

Почему?
Биз Манас баатырдын урпактары кыргыздын жашоо турмушун, үрп-адаттын жана каада-салтын окуп-үйрөнүш үчүн.

Потому что мы потомки великого батыра Манаса. Для того, чтобы знать историю, быт и традиции кыргызского народа.
Абдан кызыктуу лагерь го! Мен биринчи жолу ал жөнүндө угуп жатам.

Очень интересно, я в первый раз слышу о таком лагере!
Мага да абдан жакты. Мен эми кыргызча так жана жакшы сүйлөй алам.

Мне там тоже очень понравилось. Теперь я очень хорошо говорю на кыргызском.
Кандай жаӊы оюндарды ойнодуӊар?

В какие интересные игры вы играли?
«Ак терек, көк терек» деген оюн ойнодук. Мага бул оюн абдан жакты.

Мне понравилась игра в «Ак терек, көк терек»
Ал оюнду кантип ойношот экен? Короодогу балдарды үйрөтөсүңбү?

Как играют в эту игру, ты научишь своих друзей во дворе?
Албетте! Жүрү, балдар менен ойнойбуз.

Конечно! Пойдем играть с ними.