Эртеӊ менен таянем мени ойготту.

Утром меня разбудила бабушка.
Тура гой, кызым. Уксаӊ, сыртта булбул сайрап жатат!

Вставай, доченька, послушай, как поет соловей!
Таяне, тургум келбей жатат. Азыр эс алуудамын да.

Не хочу вставать бабушка, ведь сейчас же каникулы.
Булбул – чымчыктардын падышасы да, укчу сайраганын.

Соловей – царь маленьких птиц, послушай как он поет.
Макул, турайын. Бирок сиз мага булбулдун үнү эмнеси менен жакшы экенин айтып бериӊизчи. Мен чымчыктардын сайраганын күндө эле угуп жатпаймынбы.

Ладно встану, но вы расскажете мне, чем хорош голос соловья? Так как я каждый день слышу пение птиц.
Дүйнө жүзүндө, үнү боюнча алып караганда, бири-бирине окшош эки булбулду таба албайсың. Он булбул болсо, ону он башкача сайрашат.

Потому что по голосу в мире нет двоих похожих соловьев, хоть их десять, но голоса у всех разные.
Кызык экен, мен билбептирмин. Алар кайсы жерде жашашат?

Интересно, а я не знала, а в каких местах они живут?
Тоодо, токойдо жана суу жээктеринде.

В горах, в лесах и возле речек.
Демек, жайкы каникул күндөрүндө булбулдун үнүн көп угат турбаймынбы.

Значит во время своих летних каникул буду с наслаждением слушать голос соловья.
Албетте, бирок эрте турсаң угасыӊ.

Конечно, если только будешь пораньше вставать.
Мен аны үйгө эле баксам кандай болот?

А если я, возьму соловья в дом?
Ал – ыйык чымчык. Бага албасаң, үйгө алып келбе! Булбулду өлтүрүү – чоң убал болуп саналат!

Соловей считается священной птицей, если не сможешь за ним ухаживать, то не приноси в дом!
Макул, таяне, кабатырланба! Мен тоту кушум менен булбулду жакшы карап багам.

Ладно, бабушка, не переживай! Я буду хорошо ухаживать за попугаем и соловьем.
Азаматсың, кызым, сен мени түшүндүң!

Молодец, доченька, ты меня поняла!