Бүгүн биздин мектепте кыргыз улуттук оюндарынын мелдеши болот. Башка мектептердеги балдар жана кыздар келишет. Алар менен биз кыргыздын улуттук оюндарын ойнойбуз.

Сегодня в нашей школе будет соревнование по кыргызским играм. Придут дети с разных школ. Мы с ними будем играть в национальные кыргызские игры.
Алгач «Жоолук таштамай» оюнун ойнойбуз.

Сначала, будем играть в игру «Кинь платок»


Эки мектептин окуучулары тегерекке туруп оюнду баштайлы. Катарга кыздар жана балдар тургула.

Давайте встанем в круг и начнем играть. В ряд встаньте девочки и мальчики.
Кантип ойнойбуз?

Как будем играть?
Ким оюнду баштарын санак айтып тандап алалы.

В этой игре надо выбрать водящего, для этого мы с вами начнем со считалочки.


Тайлак-төө, кулун-бээ, ит-күчүк, мый-мышык, балапан-чымчык сен кал, сен чык!

Верблюдица с верблюженком, кобыла с жеребенком, собака с щенком, кошка с котенком, птица с птенчиком, ты оставайся, а ты выходи.


Мына, Асан, сен чыктыӊ! Оюнду сен баштайсыӊ.

Асан, ты водящий! Ты начинаешь игру.


Оюндун эрежелерин айтып берейин.

А теперь я вам расскажу правила игры.


Тегерекке отургула, көздөрүңөрдү жумгула. Түн кирди.

Садитесь в круг, закройте глаза, наступила ночь.


Асан тегерете чуркап каалаган баланын же кыздын артына жоолукту таштайт.

А Асан в это время кинет платок за кем захочет.


Кимдин артында жоолук ташталса, ал Асанды кубалайт. Асанды кууп жетсе, жоолук менен чабат.

За кем будет платок, тот и будет водить, догонять Асана.


Бирок Асан жеткизбей, бош орунга чуркап барып отуруп калышы керек. Колунда жоолук бар окуучу, кайра башка окуучуга жоолукту таштайт. Ошентип оюн улана берет.

Но Асан должен бегать быстро, чтобы его не догнали и садится на свободное место. У кого в руках, окажется платок, тот опять начинает игру. Так игра и продолжается.


Кана, анда оюн башталды.

Тогда, игра началась.