Жеӊемдин ата-энеси Кеминде жашашат. Алар балчылар. Бизге келген сайын көп бал алып келишет. Жеӊемдин иниси бар, ал да ата-энесине жардам берет.

Родители моей жеңе живут в Кемине. Они пчеловоды. Приезжая к нам в гости, они всегда везут нам мед. У нее есть младший брат, который помогает родителям.


Жеӊе, качан иниӊиз келет?

Жеңе, когда приедет ваш брат?
Эмне болду, сагындыӊбы?

Что случилось, ты соскучился?
Ооба, ойногум келип жатат. Ал мага аарылар балды кантип чогултарын айтып бермек.

Да, хочу с ним поиграть. Он бы мне рассказал, как пчелы собирают мед.
Аа, мейли бүгүн чалып сурайын.

Аа, ладно, сегодня позвоню узнаю, хорошо.
Аарылар жөнүндө айтып бериӊизчи?

Расскажите, пожалуйста про пчел?
Алар адамдар жасаган атайын үйлөрдө жашашат. Балчынын жумушу оор, бирок кызыктуу.

Они живут на пасеках, сделанных человеком. Работа пчеловода трудная, но интересная.
Мен чоӊойгондо балчы болгум келет.

Когда, я вырасту, то стану пчеловодом.
Эмне үчүн?

Почему?
Анткени балды абдан жакшы көрөм жана аарылар жөнүндө баарын билгим келет.

Потому что очень люблю мед, и хочу знать все о пчелах.
Андай болсо балчылар менен таанышканы жайында менин ата-энемдикине барып кел.

Тогда, я предлагаю тебе поехать летом к моим родителям и познакомиться там с пчеловодами.
Ырахмат, жеӊе.

Спасибо, жеңе.