Ата, эмнеге акчага кишилердин сүрөтүн тартып коюшкан?

Папа, а почему на деньгах нарисованы люди?
Кайсы акчага?

На каких деньгах?
Биз колдонгон акчанын баарында эле бар го, мисалы, жүз сом, эки жүз сомдо?

На всех деньгах, например, на 100, 200 сомах?
Алар кыргыз элинин атактуу жана улуу адамдары да.

Они известные и великие люди кыргызского народа.


Мисалы, 50 сомдогу Курманжан датканы билесиӊби?

Например, ты знаешь, кто изображен на 50 сом. Это Курманжан датка.
Ооба, киносун көргөм. Чоӊ апа болчу.

Да, я видел фильм. Эта была бабушка.
Ошол апа душмандардан өзүнүн элин сактап, датка деген наамга татыктуу болгон.

Эта бабушка, сохранила свой народ от врагов, была удостоена звания датка.
200 сомдо кайсы киши тартылган?

Кто изображен на 200 сом?
Сен акчанын бетиндеги жазууларды оку да. Ал жерде Алыкул Осмонов деген жазуу турбайбы.

Ты прочти что там написано. Там же стоит надпись Алыкул Осмонов.
Ооба, мен билем, ал акын болгон да.

Да, я знаю, он же был поэтом.
Ооба, белгилүү кыргыз акыны. Анын өз элин жана кереметтүү Ысык-Көлдү даӊктаган көп ырлары бар.

Да, он известный кыргызский поэт. У него много стихотворений, в которых он воспевает свой народ и прекрасное озеро Иссык-Куль.
500 сомдо Саякбай Каралаевдин сүрөтү бар. Ал атактуу манасчы болгон. Аны бизге эжебиз айтып берген.

На 500 сом изображен Саякбай Каралаев. Он был известным манасчы. О нём нам рассказала наша учительница.
Азамат, сен алардын баарын билишиӊ керек. Тарыхты үйрөн. Алар эл үчүн кызмат кылышкан. Ошондуктан биз аларды унутпайбыз!

Молодец, ты должен всех знать. Изучай историю. Они служили народу. Поэтому мы не забудем их!