Чоң апа, мен абдан ырга же бийге катышкым келип жатат.

Бабушка, я очень хочу заняться пением или танцами.
Ии, кызым, эмне болду анча?

А, что случилось доченька?
Анткени, менин классташ кыздарым баары тең абдан шыктуу экен.

Потому что, все мои одноклассницы талантливые.
Сен деле шыктуусуң, кызым.

Ты тоже талантливая, дочька.
Жок, чоң апа, сиз менин эмнени айтайын дегенимди түшүнгөн жоксуз.

Нет, бабушка, ты не понимаешь о чем я хочу сказать.
Эмне үчүн?

Почему?
Анткени, эч бир йиримге барбаса, ал шыгы жок адам болуп калат да.

Потому что, кто не ходит на различные кружки, тот не талантлив.
Жок, сен жаңылышып жатасың, андай эмес. Мисалы, сенин апаӊ кичинекей кезинде, өзү эле музыка коюп бийлей берчү. Анан мектепте сынактарда ар дайым биринчи орунга ээ болчу.

Нет, ты ошибаешься. Например, твоя мама, когда была маленькая, сама ставила музыку и танцевала. Потом когда были соревнование в школе занимала всегда первое место.
Мен аны билбептирмин.

Я не знала об этом.
Анда, эртең экөөбүз Сейтек өспүрүмдөр борборуна барып келели. Сен да бийге жазылгын, макулбу?

Тогда, мы завтра с тобой пойдем в юношеский центр «Сейтек». Ты тоже запишешься на танцы, хорошо?
Ооба, мен абдан сүйүнүп жатам. Эртең сөзсүз баралы?

Да, я так рада. Завтра обязательно пойдем?
Албетте, балким, сен да белгилүү бийчи болуп каларсың.

Конечно, может быть ты у меня станешь известной танцовщицей.
Ырахмат, чоң апа, тилегиңиз орундалсын!

Спасибо, бабушка, пусть сбудутся ваши мечты!